Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 01.03.2018 11:25

Кара-Сууда 54 жаштагы тургунду өлтүрүп, 250 миң сомун карактап кеткен жаш жигиттер кармалды

Turmush -  Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында 54 жаштагы эркек кишини өлтүрүүгө шектүү 24-25 жаштардагы 3 жигит кечээ, 28-февралда кечинде кармалды. Аларга кылмыш иш козголуп, камакка алынганын Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, шектүүлөрдүн бири каза болгон жаран менен чогуу Россияда иштеп келген. Алар 25-февралда үйдөгү акчаны алуу үчүн киришип, уктап жаткан үй ээсинин башына балка, арматура менен урушкан. Үй ээси каза болгондон кийин 250 миң сомду алып, из жашырып кетүүгө жетишкен.

Маркум Россияда эмгектенип жүрүп, 2017-жылдын ноябрь айында келген. Анын жубайы Түркияда эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×