Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Апасы сабап өлтүрүп, тайлары баш тарткан 2,5 жаштагы Бексултандын денеси Оштогу көрүстөнгө коюлду

Turmush -  Апасы катуу сабагандан кийин эс-учун жоготуп, ооруканада каза болгон 2 жаш 8 айлык Бексултандын сөөгү Ош шаарындагы борбордук көрүстөндө жерге берилди. Бул тууралуу Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынан билдиришти.

Наристеге Ош шаарынын борбордук Сулайман-Тоо мечитинде бүгүн, 12-февралда жаназа окулуп, жүздөн ашуун адам катышкан. Аны жерге берүүдөн тайлары баш тарткан эле.

Бексултан кечээ, 11-февралда кечинде ооруканада каза болгон. Апасына бейбашчылык боюнча козголгон кылмыш иш 97-беренеге (адам өлтүрүү) алмаштырылып, сотко чейин Жалал-Абаддагы аялдар абагында камала турганы маалым болду.

3 жашка толо элек баласын депкир менен эс-учун жоготкуча сабаган эне...

Ош облустук балдар ооруканасына катуу сабалган 2 жаш 8 айлык Бексултан 2018-жылы 4-февралга караган түнү жеткирилген. Ошондон бери жандандыруу бөлүмүндө эс-учун жоготкон абалда (кома) жаткан болчу.

Андан көп узабай баланы оор абалга жеткирген деген шек менен 24 жаштагы апасы кармалып, 2 айга убактылуу камакка алынган.

Шектүү келин алгачкы көрсөтмөсүндө: «Баламды катуу уруп алган окшойм. Депкир менен бутуна, башына, аркасына урдум. Башына катуу тийиптир. Балам шымына сийип койгону үчүн урдум. Атасы менен ажырашып кеткем. Эмне болуп кеткенин билбейм. Ооруканага эжем экөөбүз алып бардык. Ошто эжемдин үйүндө эжем, анын баласы, мен жана балам болуп жашайбыз», - деди.

Шектүү


Подозревамая в избиении 3-летнего Бексултана мать задержана

Ош облустук балдар ооруканасынын реаниматолог дарыгери Ташибай Алиевдин айтымында, баланын денесинде мурда да сабалган тактар бар.

«2 жаш 8 айлык бала өтө оор, эсин жоготкон абалда келген. Жүрөгү эле согуп жаткан. Жасалма дем алдыруу менен жардам көрсөттүк. Мээси да катуу чайкалып, эки бөйрөгү эзилип калган. Денесинде көп тактар бар экен. Аны менен мурда да ур-тепкиге алынганы билинип турат. Баланы тепкичтен жыгылып түштү деп алып келишкен», - деген Т.Алиев.

2,5 жаштагы уулун комага түшкүчө сабаган келиндин турмушка чыгып, балалуу болгонун ата-энеси билген эмес

Turmush басылмасынын кабарчысына Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева билдиргендей, Бексултандын апасы кичине кезинен өгөй эненин колунда тарбияланган. Ал 2014-жылы үйүнөн чыгып кеткен бойдон ата-энесине кабарын билдирген эмес.

«Бексултандын апасы 2 айга камакта калтырылган. Биз аны энелик укуктан ажыратабыз.

Келиндин ата-энесин сүрүштүрдүк. Анын ата-энеси кичине кезинде ажырашып, атасы чоңойтуптур. 2 жашынан баштап өгөй эненин колунда өскөн. 2014-жылы үйүнөн чыгып кетип, дайынын билдирбей келген. Туугандары анын турмушка чыкканын, баласы бар экенин дагы билген эмес. Бирок алар жээн небереси Бексултанды багып алуудан баш тартышты.

Бексултандын апасы 3 бир тууган. Эжеси Казакстандын жашоочусуна турмушка чыгып, сиңдиси Москвада эмгектенет экен. Биз азыр кыздын бир туугандарын издеп жатабыз», - деген Б.Токобаева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1484
Көп окулду
×