Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 10.02.2018 11:16

Өзбекстандан келген делегация Оштогу ишканалар менен таанышты (фото)

Turmush -  Ош шаарына кечээ, 9-февралда Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев баштаган делегация иш сапар менен келди. Жумушчу сапардын алкагында А.Новиков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана делегациянын мүчөлөрү өзбек жазуучусу жана акын Алишер Навоинин эстелигине гүлчамбар коюшту.

Андан соң делегация Өзбекстан Республикасынын каржылоосу менен курулуп жаткан А.Навои атындагы мектептин кошумча 630 орундуу окуу имаратынын курулуш иштери менен таанышты. Алар жашылча-жемиштерди кайра иштеп чыгаруучу «Келечек» акционердик коомунун, автоунаа кураштыруучу «Эстакада автоборборунун», желим жана алюминий эшик-терезелерди чыгарган фирманын ишмердүүлүгү менен да таанышууга жетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×