Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Ошто өз уулун өлтүрүүгө шектелген киши камактан бошотулду

Turmush -  Ош шаарында өзүнүн уулунун өлүмүнө шектелген ата камактан бошотулуп, ага козголгон кылмыш иш кыскартылды. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Гүлчөбек Максүтов билдирди.

Анын айтымында, баланын апасы жолдошуна эч кандай доосу жок экенин айткан. «Каза болгон баланын апасы мыйзамдуу өкүл болуп саналат. Ал баланын атасына, тагыраагы жолдошуна эч кандай доосу жок экенин айтты. Анын негизинде козголгон кылмыш иш кыскартылып, атасы абактан бошотулду», - деди жактоочу.

Окуя тууралуу:

2017-жылы 29-ноябрда Ош шаарындагы С.Шарипов мектебинин 6-классынын окуучусу Файзулла каза болуп, анын өлүмүнө шектүү катары өз атасы камакка алынган. 1-декабрда маркум баланын апасы жана атасынын жактоочусу Ошто маалымат жыйын өткөрүп, атасынын күнөөсүз экенин айтып чыгышкан.

Баланын атасына КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен (ден соолукка өлүмгө жеткирүүчү оор залал келтирүү) кылмыш иш козголгон эле. Баланын ата-энеси наабайчылык менен киреше таап келишкен.

Баланын апасы Марипат Юлдашеванын маалыматы: «Балам мектептен кечигип, саат 16:00 чамасында келди. Өзү футбол ойноп жүрүп кечигип калганын айткан эле. Кийимдерин алмаштырып чыккандан кийин карасам бети көгөрүп калган экен. Эмне болгонун сурасам футболдо балдар менен урушуп кеткенин айтты, бирок ага маани бербептирбиз. Кечкисин мага үшүп жатканын айтканда атасына айтып, чечиндирип карасак денеси көгөрүп калыптыр. Дароо тез жардам чакырдык, бирок уулубуз каза болуп калды. Андан кийин милиция кызматкерлери бизди алып кетип, кызымды коркутуп көрсөтмө жаздырып алышыптыр. Кайсыл ата-эне баласын 12 жыл багып, өзү өлтүрөт? Милиция бизди күнөөлөп жатат. Акыйкат чечим чыксын. Балам көчөдөн таяк жеп келген, атасынын күнөөсү жок. Атасы балдарын тарбиялоо максатында ооз менен гана тилдечү, урган эмес».

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын расмий билдирүүсүндө: «2017-жылдын 29-ноябрында саат 02:00 чамасында Шакиров көчөсүндөгү үйдүн жашоочусуна медициналык тез жардам кызматын көрсөтүү үчүн чакырылган дарыгерлер 2005-жылы туулган Ф.Ю. уктоочу бөлмөсүндө каза болгону тууралуу маалымат берген. Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу, башкармалыктын жетекчилиги барышкан. Маркум өспүрүм өзүнүн уктоочу керебетинде жаткан. Өлүктү кароо учурунда денесинде көптөгөн тактар көрүнгөн. Учурда ал тактардын себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза иштеп жатат.

Ошол эле күнү бул үй-бүлөнү жакшы билген адамдардын «баласына көп зомбулук көрсөтчү» деген көрсөтмөсүнө таянып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан маркумдун атасы кармалган. Ал КРнын Жаза-процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен козголгон ишти иликтөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылган.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1423
Көп окулду
×