Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 08.02.2018 18:19 На русском

Депутат Алтынбек Сулаймановдун апасы көз жумду

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун апасы бүгүн, 8-февралда Ош шаардык ооруканасында каза болду. Ал инсульттан жабыркап, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Бул маалыматты ооруканадан тастыкташты. Депутаттын апасы эртең, 9-февралда Ноокат районундагы Шанкол айылында жерге берилет.

А.Сулайманов апасы менен

Паиз апа 1952-жылы жарыкка келген. Ал 19 жашында Турдубай Сулаймановго турмушка чыккан. 8 жылдан кийин жолдошунан айрылып, 4 баласы менен жалгыз калган. Ал учурда А.Сулайманов 7 жашта болчу.

Паиз апанын кесиби бухгалтер. Ал райондук кеңештин 3 жолку депутаты болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×