Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 08.02.2018 18:02

Аялдар менен эркектердин укугу тең эмес, - ректор С.Дооров

Turmush -  Аялдардын укугу эркектердин укугунан жогору турат. Мындай пикирди Куран нуру ислам институтунун ректору Садыбакас Дооров Ош шаарында кечээ, 7-февралда «Аялдардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ролу жөнүндө ислам эмне дейт?» темасында өткөн талкууда билдирди.

Анын айтымында, аялдар менен эркектердин укугу тең эмес.

«Бүгүнкү талкууда көпчүлүк студенттер аялдар менен эркектердин укугу тең деп айтышты. Мен ойлонуп калдым... Бизде 55 пайыз аялдар жашайт. 45 пайыз эркектерди тарбиялаган дагы аялдар. Мен аялдардын укугун жогору көтөрөт элем. Кыздардын укугу эмне үчүн жогору экенин айтып берем. Кыздар нике кыюуга келгенде өздөрүнүн укугу эбегейсиз чоң экенин билишет. Аны билбеген билбей эле өтүп кетет. Анткени молдолор нике кыюуда уруксатты алгач кыздан сурайбыз. Эгер кыз "ооба" десе нике кыйылат, эгер "жок" десе эч бир молдо никени таңуулай албайт.

Сахабаларыбыз: "Бейиш эненин таман алдында. Кимдир бирөө энесинин таманын өпсө, ал бейиштин эшигин өпкөн менен бирдей" деп айтышат. Эми салыштыргыла, кимдин укугу чоң?..», - деди ал.

Талкууда студенттердин пикирлери кайчы болуп, бири динди салттуу кабыл алуу менен арабдашпай жашоо керек десе, экинчи тарап динде айтылгандарды сактоо керек деген пикирин билдиришти. Көпчүлүк жаштар аял менен эркектин коомдо, үй-бүлөдө укугу бирдей деген ойлорун айтышты.

Талкууга Ислам институтунун ректору Садыбакас Дооров, Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев, чиркөөнүн өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×