Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Ош

Ош шаарынан 2017-жылы Сириядагы куралдуу кагылышка катышууга кеткендер болгон жок

Turmush -  2017-жылы Ош шаарынын тургундарынан Сириядагы куралдуу кагылышка катышуу максатында кеткен факты катталган жок. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

ШИИБдин кызматкерлери диний экстремизм менен терроризмдин алдын алуу, чыныгы салттуу ислам менен ислам фундаментализминин айырмачылыктарын жергиликтүү элге жеткирүү максатында Ош шаарынын аймагында жолугушууларды ѳткѳрүүнү улантууда. Бул пландуу иш-чарага Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын түштүк аймактык ѳкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин жетекчилери чоң жардам кѳрсѳтүп жатат.

Кечээ, 7-февралда бул максаттагы чогулуш Ош шаарынын Пушкин жана Рудаки атындагы орто мектептеринин башталгыч класстардагы окуучуларынын катышуусу менен ѳттү.

Жолугушууга келген Ош ШИИБдин 10-бѳлүмүнүн кызматкерлери, Дин иштери боюнча мамкомиссиянын ѳкүлү И.Мырзабеков, Ош ШИИБдин ардагерлер кеңешинин тѳрагасы К.Жолдошов учурдагы кырдаал, терроризм менен экстремизмдин келип чыгышы, дин тарыхы, интернеттин пайдасы менен зыяны, диний агымдардын жаралуу себептери, алардын түпкү максаттары тууралуу кеңири түшүнүк берип, катышуучулардын суроолоруна жооп узатышты.

Ош шаарынан Ирак жана Сирияга кеткендердин көп агымы 2011-2013-жылдарга туура келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1131
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×