Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Ошто 9 жолу соттолгон киши абакта жатып, жарандардан 600 миң сом алдап алган

Turmush -  Ош шаарында «жакыныңызга тез арада акча керек, кырсыкка кабылды» деген жалган маалымат менен телефон аркылуу адамдарды алдап жүргѳн шектүү кармалды. Анын кылмышы Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн оперативдүү иш-аракеттеринин натыйжасында ачыкка чыккан.

ШИИБдин маалыматы боюнча, шектүү — Ноокат районунун 1981-жылы туулган тургуну М.А. 2017-жыл аралыгында бир нече адамды телефон аркылуу алдап, ири суммадагы акча алган. Ал буга чейин 9 жолу сот жоопкерчилигине тартылганы да белгилүү болду.

«Шектүү 2017-жылы жаза ѳтѳѳ мекемелеринин биринде жазасын ѳтѳп жатып, 7 адамды телефон аркылуу алдаган. Акчаны шериги (аял киши) аркылуу алып турган. Жасаган кылмыштары боюнча тиешелүү далилдер табылды. Анын негизинде мурдагы алдамчылык кылмыштар боюнча калган 9 жылдык жазага дагы 16 жыл кошулуп, жалпысынан 25 жылга Ош шаардык соту тарабынан эркинен ажыратылды», - деп айтылат билдирүүдө.

Шектүү

Мухаметали Абдивапов

Жабырлануучулар анын үнүнѳн таанып, үн боюнча атайын экспертиза да иштеген.

«Ак-Тилек кичи шаарчасынын 1956-жылы туулган тургунуна (эркек киши) телефон чалып, "балаңыз унаа менен бирѳѳнү сүзүп ѳлтүрүп алды, тез арада 70 миң сомду Касымбеков кѳчѳсүнѳ алып келиңиз" деп алдаган. Жабырлануучу ага ишенип, 70 миң сомду айтылган дарекке жеткирип берген. Ушундай эле жол менен Ак-Тилек кичи районунун 1957-жылы туулган (аял киши) тургунунан 70 миң сом акчасын алдырткан.

Ноокат районунун 1961-жылы туулган тургунуна (аял киши) анын уулунун атынан телефон чалып, "бирѳѳнү унаа менен сүзүп алдым, кутулушум керек, тез акча бериңиз" деп ыйлаган. Андан 60 миң сом, 35 миң рубль алдырткан. Ош шаарынын «Ак-Тилек кичи районунун 1966-жылы туулган тургунунан дагы "мен уулуңуздун досу болом, ал 6 жашар баланы унаа менен сүзүп өлтүрдү. Туугандарына 100 миң берүү керек, ооруканага алып келип бергиле" деп алдап, ал энеден 100 миң сом акча алдырткан.
Шектүү шериги менен жалпы 600 миң сомго жакын каражат жыйнаган. Учурда анын 1990-жылы туулган кылмыштуу шеригинин үстүнѳн тергѳѳ иштери жүрүп жатат», - деп билдирди Ош ШИИБ.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6095
×