Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

«Ош» бажысынын кызматкери жол кырсыкта каза болду

Turmush -  «Ош» бажысынын инспектору, бажы кызматынын лейтенанты Арзибаев Улан Абдандилович жол транспорт кырсыгында каза болду.

50c3cdc942102d7fb6c054231620d698

Turmush басылмасына маалым болгондой, жол кырсык 2-февралга караган түнү Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында катталган.

Кийинчерээк Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы маалымат берип, аны Ош—Ноокат жолунун 3-чакырымында «Тойота Привея» үлгүсүндүгү унаа сүзүп кеткенин билдирди. Бажы кызматкери жарык берүүчү жабдуулар жок жолдун четинде бара жаткан. Айдоочу Ноокат районунун тургуну экени белгилүү болду.

Мамлекеттик Бажы кызматынын жамааты жол кырсыктан каза болгон Улан Арзибаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1176
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×