Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 07.02.2018 11:10 На русском

Ошто кардарынан 260 миң сом алдап алган жактоочу шарттуу кесилди

Turmush -  Ош шаарынын жактоочулар коллегиясынын мүчөсү Ж.Т. алдамчылык беренеси боюнча шарттуу эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жеке жактоочу Ж.Т. С.М. (аял киши) аттуу жарандын ишенимине кирип, ага юридикалык жардам көрсөтүүнү убадалап, 260 миң сом алдап алган.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура Ош шаарынын прокуратурасынын материалдары боюнча жактоочуга карата кылмыш иш козгогон. Жактоочу Ж.Т. Ош шаардык сотунун 2017-жылдын 3-ноябрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде күнөөлүү деп табылып, 1 жыл 6 айга шарттуу кесилген.

2018-жылдын 5-январында Ош облустук сотунун чечими менен аталган өкүм күчүндө калтырылды. Учурда Ош шаарынын прокуратурасы Юстиция министрлигине Ж.Т.ны жактоочулук укуктан ажыратуу үчүн айыптоо өкүмүн жөнөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×