Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Ош

Ош облусунда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун 332, «Йакын-Инкар» уюмунун 32 мүчөсү каттоодо турат

Turmush -  Өткөн жылы Ош облусу боюнча диний экстремизм багытында 77 факты аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү Мухамедали Малабаев Кара-Суу районундагы диний жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун абалы темасындагы жыйында билдирди.

«2017-жыл ичинде биздин кызматкерлердин аткарган иштеринин жыйынтыгы менен жалпы диний экстремизм багытында 77 факты аныкталып, анын ичинен 36 учур боюнча кылмыш иши козголгон. Терроризм, жалданмачылык, куралдуу кагылышууга катышуу фактылары боюнча жалпы 59 учур аныкталып, анын ичинен 23 факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Ош облусунда каттоодо диний экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү турат. Анын ичинде «Хизб ут-Тахрир» диний эктремисттик уюмунун 332 мүчөсү, «Йакын-Инкар» диний тобунун 32 мүчөсү, сепаратизм уюмунун 1 мүчөсү бар. Мындан сырткары Ош облусунун аймагында салттуу эмес диний агымдардын мүчөлөрү дагы каттоого алынган. Алардын ичинен «Салафия» агымынын 7 мүчөсү, «Ахмадия» агымында 2 адам каттоодо турат.

Ошондой эле, Ош облусу боюнча эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрү катары жалпы 82 адам каттоодо турат. Алардын ичинен «Вахавий» уюмунда 54, «ИГИЛ» уюмунда 27, «Салафий» уюмунда 1 адам бар.

Учурда Ош облусунун аймагында «Йакын-Инкар» диний экстремисттик тобунун үстүнөн иштер аткарылып жатат. Алардын ишмердүүлүгүнө 2017-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан тыюу салынган. Бирок бул уюмдун өкүлдөрү учурда облустун аймагында, Кара-Суу, Араван райондорунда иш жүргүзүүгө аракет кылып жатат. Аларга карата ыкчам иш-чарабыздын негизинде Кара-Суу районунун аймагынан «Йакын-Инкар» тобунун 10 мүчөсү кармалган. Араван районунан диний-экстремисттик топтун 6 мүчөсү кармалды. Учурда алар боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 919
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×