Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Ош

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун эки жолу соттолгон мүчөсү кармалды

Turmush -  Ош ШИИБдин кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун 1974-жылы туулган К.А. аттуу мүчөсүн колго түшүрдү. Ал жергиликтүү тургундан эки бильярд столун 50 миң сомго баалап алып, акчасын бербей качып жүргөн.

Шектүүгө карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иш козголуп, камакка алынды. ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, шектүү буга чейин 241-берене (ок атуучу курал, жарылуучу заттарды мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо, ташуу же бирөөгө берүү) жана 246-берене (баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо, ташуу, сактоо) менен сот жоопкерчилигине тартылган.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1552
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×