Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Фото — «Ош сулуусу» наамын жеңген 14 жаштагы Баяна Сактанова эми «Кыргызстан сулуусу» наамы үчүн күч сынашат

Turmush -  Ош шаарынын 14 жаштагы тургуну Баяна Сактанова «Мисс Ош 2018» сулуулар сынагында жеңүүчү деп табылды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда мектепте 9-класста окуйт.

«Бул сынак мен үчүн экинчи сынак болду. Буга чейин мектептеги сынакка катышкам. «Мисс Ош 2018» сынагына катышууну досторум, жакындарым сунуш кылып, баардыгы колдоо көрсөтүштү. Ата-энеме, досторума рахмат. Сынакта жагымдуу гана таасирлер болду. Мага абдан жакты. Сынакка даярдык көрүүдө абдан ынтымакта болдук. Кыздардын бири бийди туура эмес бийлеп алса урушпай, үйрөтүп жаттык. Сынактагы эң кыйыны дефиле болду. Биз баарыбыз жуп болуп чыктык. Синхрондуу түрдө басуу абдан кыйын. Быйыл «Мисс Кыргызстан 2018» сынагына катышкым келип жатат», - деди ал.

Сулуу кыз буга катар эле келечекте котормочу болгусу келе тургандыгын кошумчалады.

«Ашпозчулук, сүрөт тартуу, китеп окуу менен алектенем. Азыркы учурда Гарри Поттер жөнүндөгү китепти окуп жатам. Мектепте баардык иш-чараларга катышкан активистмин. Мектепти аяктагандан соң котормочулук боюнча билим алам», - деди ал.

Баяна үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Ош шаарында өткөн «Мисс Ош 2018» сулуулар сынагында 1-орунду Баяна Сактонова ээлеп, «Мисс Ош 2018» наамына татыктуу болгондугун сынактын уюштуруучусу Наргиза Кубанычбекова кабарлаган.

Ал, «Биринчи вице-мисс» наамын Бегимай Белекова ээлесе, «Экинчи вице-мисс» наамын Аксаамай Абдугапарова жеңгендигин айткан.

Сынакка 13 жаштан 25 жашка чейинки 13 кыз катышкан. Анда кыздар саламдашуу, өз талантын көргөзүү, флешмоб бийи жана кече көйнөктөрүн көрсөтүү шарттарын аткарышкан. Жеңүүчүлөр «Мисс Кыргызстан 2018» сынагына катышууга жолдомо алышкан болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8601
Көп окулду
×