Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

2,5 жаштагы баласын комага түшкүчө сабаган келин 2 айга камакта калтырылды (видео, фото)

Turmush -  Өзүнүн баласын комага түшкөнчө сабаган 24 жаштагы Диана 2 айга камакта калтырылды. Анын баш коргоо чарасы кечээ, 5-февралда Ош шаардык сотунда каралган.

Баланын абалы азырынча оор бойдон. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматынан бүгүн, 6-февралда кабарлашты.

-------------------------------------------------------

Ош облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 3-февраль күнү катуу сабалган 2 жаш 8 айлык Бексултан жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, учурда анын абалы туруктуу оор. Жандандыруу бөлүмүндө комада жатат.

Андан көп узабай баланы оор абалга жеткирген деген шек менен апасы кармалган.

Шектүү келин көрсөтмөсүндө: «Баламды катуу уруп алган окшойм. Депкир менен бутуна, башына, аркасына урдум. Башына катуу тийиптир. Балам шымына сийип койгону үчүн урдум. Атасы менен ажырашып кеткем. Эмне болуп кеткенин билбейм. Ооруканага эжем экөөбүз алып бардык. Ошто эжемдин үйүндө эжем, анын баласы, мен жана балам болуп жашайбыз», - деди.

Подозревамая в избиении 3-летнего Бексултана мать задержана

Ош облустук балдар ооруканасынан реаниматолог дарыгери Ташибай Алиевдин айтымында, баланын денесинде мурда да сабалган тактар бар.

«2 жаш 8 айлык бала өтө оор, эсин жоготкон абалда келген. Жүрөгү эле согуп жаткан. Жасалма дем алдыруу менен жардам көрсөттүк. Бала дары-дармектен кийин шок абалдан чыкты, бирок азыр абалы оор. Мээси да катуу чайкалып, эки бөйрөгү эзилип калган. Денесинде көп тактар бар экен. Аны менен мурда да ур-тепкиге алынганы билинип турат.

Баланы тепкичтен жыгылып түштү деп алып келишкен. Тамакты шланг аркылуу берип жатабыз жана дары-дармектер жетиштүү. Мындай зомбулукту биринчи жолу көрүп жатам», - деди Т.Алиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1524
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×