Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Ош облусунда бир жылда 20 өспүрүм өз жанын кыйды

Turmush -  Ош облусунун райондорунда өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулар, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча атайын жыйындар өткөрүлдү. Мындай багыттагы жолугушуулар өткөн аптада Кара-Суу, Араван, Ноокат, Өзгөн, Алай, Кара-Кулжа жана Чоң-Алай райондорунда уюштурулган.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Ош ОИИБ, РИИБ жетекчилиги, аксакалдар сотторунун, аялдар кеңештеринин, ата-энелер уюмунун, билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңири талкуу болуп, өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан укук бузуулар жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү айрым көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору боюнча сунуштарын ортого салышты. Талкууда айтылгандай, мындай көйгөйдүн келип чыгышына биринчи кезекте жумуш издеп башка өлкөгө чыгып кеткен үй-бүлөлөрдүн балдары ата-эненин тарбиясынан оолак болуп жаткандыгы себеп болсо, экинчиден жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен коомчулуктун ортосунда так механизмдердин жоктугу. Жоопкерчилик маселесине келгенде мыйзам чийки болуп жаткандыгы да айтылды. Ошондой эле, өспүрүмдөр менен иштешкен кадрларды даярдоо сунушталды.

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Ош облусунун аймагында 11 миң 474 ата-эне балдарын таштап, эмгек мигранты болуп сыртка чыгып кетишкен. 105 жаш өспүрүм кароосуз калгандыгы аныкталган. 2017-жылы Ош облусунун аймагында 110 өспүрүмгө карата кылмыш иши козголуп иши сотко жөнөтүлгөн (бул көрсөткүч 2016-жылы 89 учурду түзгөн). Алардын ичинен 36 бала мектеп окуучулары болсо, 97 өспүрүм 14-18 жашка чейинкилер. Ал эми балдар өз өмүрүнө кол салган 20 учур катталган.

Былтыр укук бузууларды алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүп, алдын алуу чараларын жакшыртуу боюнча 68911 маалымат тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн. Ал эми балдар менен иштөө комиссиясына 6743 материал жиберилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 445
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×