Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Фото - Оштогу соода борбордон 4,5 миң доллар, 30 миң сом уурдаган шектүү аялдар кармалды

Turmush -  Ош шаарындагы «Таатан» соода борборундагы уурулукка шектүү эки аял кармалды.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2018-жылы 23-январь күнү «Таатан» соода борборунун 2-кабатында жайгашкан кийим сатуучу дүкөндөн белгисиз адамдар баштык уурдап кетишкен. Баштыктын ичинде 4,5 АКШ доллары, 30 миң сом акча, аялдардын жасалгалары, паспорт жана айдоочулук күбөлүк бар болчу.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин негизинде кылмыш иш козголуп, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 2 аял кармалды. Алар — 1961-жылы туулган С. жана 1966-жылы туулган Г.

Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакта калтырылган. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2321
×