Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 05.02.2018 10:30 Жаңыланды: 05.02.2018 11:19 На русском

Ошто апасы катуу сабаган 2,5 жаштагы бала комада жатат

Turmush -  Ош облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 3-февраль күнү катуу сабалган 2 жаш 8 айлык Бексултан жеткирилген. Учурда Бексултан комада жатат. Анын ата-энеси бирге жашашпайт.

«Баланын денесинде көк ала тактар өтө көп. 2015-жылы төрөлгөн Бексултандын баш мээси катуу жабыркап, шок абалда болгон», - деди дарыгер.

Кийинчерээк Ош ШИИБдин басма сөз кызматы өз баласын сабаган аял камакка алынганын билдирди. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милициянын маалыматы боюнча, баланын башына кан уюп, ички органдары эзилип кеткен. Аны энеси темир идиш (депкир) менен урган. Экспертизанын корутундусу да бала сабалганын аныктады.

Милициянын болжолдуу маалыматы боюнча, Бексултандын апасы апасы 24 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×