Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Ошто жумушсуздарды убактылуу жумуш менен камсыздоочу пилоттук долбоор ишке ашып баштады

Turmush -  Ош шаарында жумушсуздарды убактылуу жумуш менен камсыз кылуу максатындагы пилоттук долбоор иштеп жатат. Шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Дина Анарбаеванын айтымында, учурда шаарда жумушсуз катары каттоодо турган 5 миң 15 адам бар.

«Биздин негизги максатыбыз — жумушсуздарды туруктуу иш менен камсыз кылуу. Жыл сайын бош жумуш орундардын жармаңкесин да өткөрүп келебиз. Өткөн жылдан бери пилоттук долбоорлорду түзүп, элди убактылуу болсо да иш менен камсыз кылууну колго алдык.

Былтыр шаардагы №2 Достук аймактык кеңеши менен биргеликте Мамыров, Курчатов жана Завод көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын алмаштырып, подъезддерин, саркынды суу түтүктөрүн, үйдүн сыртын оңдоп-түздөө, турак жайдын алдына шагыл төшөө, Мамыров көчөсүндөгү үй-бүлөлүк жатакананын короосуна коомдук ажаткана куруу жана подъезддерди тазалоо иштерин аткардык. Айыл башчылары менен биргеликте иштешип, тургундар маселе көтөрүп, колдорунан келишинче акча топтосо керектүү жумушчуларды жиберебиз.

Мурунку жылы социалдык объекттерден 13 мектепти, 6 бала бакчаны оңдоо иштерине жардам бердик. Бул жылы да ушундай долбоорлорду ишке ашырганы жатабыз. Бизге элди иш менен камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт», - деди Д.Анарбаева.

Учурда Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан жумушсуз жарандар акысыз кыска мөөнөттүү окуу курстарынан билим алууга да мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 332
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×