Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Фото — Ош шаарында «Мисс Ош 2018» сулуулар сынагы өттү

Turmush -  Ош шаарында өткөн «Мисс Ош 2018» сулуулар сынагында 1-орунду Баяна Сактанова ээлеп, «Мисс Ош 2018» наамына татыктуу болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга сынактын уюштуруучусу Наргиза Кубанычбекова кабарлады.

Анын айтымында, «Биринчи вице-мисс» наамын Бегимай Белекова ээлесе, «Экинчи вице-мисс» наамын Аксаамай Абдугапарова жеңди.

Сынакка 13 жаштан 25 жашка чейинки 13 кыз катышты. Анда кыздар саламдашуу, өз талантын көргөзүү, флешмоб бийи жана кече көйнөктөрүн көрсөтүү шарттарын аткарышты. Жеңүүчүлөр «Мисс Кыргызстан 2018» сынагына катышууга жолдомо алышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4546
Көп окулду
×