Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Ош

Фото - Кайын энесинин башын кесип, денени таштандыга таштаган келинди Ош шаардык соту 20 жылга эркинен ажыратты

Turmush -  Бүгүн, 2-февралда Ош шаардык соту кайненесин мыкаачылык менен өлтүрдү деп шектелген келин менен анын бир тууган эжесине өкүм чыгарды. Жыйынтыгында негизги айыпталуучу болгон келин — 1992-жылы туулган У.А. 20 жылга, кылмышка көмөктөшкөн эжеси — 1980-жылы туулган Г.К. 4 жыл 6 айга эркинен ажыратылганы айтылды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Айыпталуучу келин отурумда акыркы сөз берилген учурда кечирим сураган.

Ош шаардык соттун өкүмүндө: «А.У.А. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесиндеги 2-бөлүмдүн 6-пункту, 263-беренесиндеги 2-бөлүм жана 174-беренедеги 1-бөлүм боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 18 жылга эркиндигинен ажыратылсын;

- 263-беренедеги 2-бөлүм боюнча 4 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылсын;

- 174-беренесиндеги 1-бөлүм боюнча 100 эсептик көрсөткүчтө айыпка кириптер кылынсын;

- 59-берененин негизинде белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, биротоло мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркиндигинен ажыратылсын жана 100 эсептик көрсөткүчтө айыпка кириптер кылынып, жазасын аялдардын катуу тартибиндеги абагында өтөсүн.

К.Г.А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 2-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылып, жазасын аялдардын жалпы тартиптеги абагында өтөсүн.

263-берене

Өлгөн адамдын денесин жана алар көмүлгөн жерди мазактоо:

- (1) Өлгөн адамдын денесин мазактаганда жана көрүстөн жайларын, мүрзөнүн үстүндөгү курулуштарды жок кылганда, зыянга учуратканда же ыпыластаганда, ошого тете бейиттин ичиндеги же үстүндөгү буюмдарды уурдап кеткенде: жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) эгерде ошол эле жосундар адамдардын тобу тарабынан жасалса:үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат (КРнын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)», - деп айтылат.

Айыпталуучу У.А.

А 5

Шектүү келиндин эжеси Г.К.

А 6Окуя тууралуу:

2017-жылы 27-август күнү саат 10:30 чамасында Ош мамлекеттик социалдык университетинин имаратынын түштүк тарабындагы таштанды салынуучу контейнердин ичинен «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тарабынан аял кишинин башы жок денеси табылган. Ыкчам тергөө тобу маркум Оштогу Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын 1966-жылы туулган тургуну А.Жумагүл экенин аныктаган.

Таштанды салынган контейнерден маркумдун кофтасы, жансыз дене оролгон кѳшѳгѳ, жүк жапкыч жана чаар баштык да чыккан.

29-августка караган түнү саат 01:00 чамасында бул оор кылмышка шектүүлөр – 1992-жылы туулган У.А. жана 1980-жылы туулган Г.К. Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалган.

Шектүү келиндин көрсөтмөсү боюнча, кайын энеси уулу менен жашатпай турганын айтып келген. Маркум аял окуяга чейин эки күн мурун уулу менен келини жашап жаткан үйгө мейманга барганы маалым болду.

Маркум аял, шектүү келин жана анын эжеси дагы үй-бүлөлүү. 26 жаштагы келин 1 уул, 1 кыздын энеси.

Өз келининен ажал тапкан эне Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы үйүнөн 31-август күнү акыркы сапарга узатылган. Диний кызматкерлер башы табылбай жаткан аялды жерге берүүгө уруксат беришкен болчу.

Ош ШИИБдин расмий билдирүүсүндө: «26-август күнү эртең мененки саат 07:00 чамасында келиндин күйөөсү жумушуна кеткенде келин менен кайын эненин ортосунда кайрадан ажырашуу тууралуу чыр чыккан. Болжол менен саат 09:00 чамасында ачууланган келин сырттан таш алып кирип, кайын энесинин башына бир нече жолу урган. Анын каза болгонун билгенден кийин өзүнүн бир тууган эжесине телефон чалып, окуяны билдирген. Окуя маркумдун уулунун Ош шаарынын Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан үйүндө болгон.

Денени эжесинин Анар кичи районундагы үйүнө такси менен алып барып, балконго чыгарып коюшкан. Андан соң эжеси экѳѳ кеңешип, түштөн кийин балдарын сыртка алаксытып чыгарып, денени кескилеп, баштыкка салышкан. Алгач башын кесип, андан кийин буттарын дагы кескилөөгө аракет кылып, бирок кесе албай коюшкан. Түн киргенге чейин балкондо турган денени саат 21:30-22:00 чамасында такси менен Курманжан датка көчөсүндөгү таштанды челекке таштап кетишкен. Ал эми маркумдун башын эжеси К.Маркс мектебинин жанындагы таштанды салуучу контейнерге таштаганын айтууда. Учурда маркумдун башы табыла элек», - деп айтылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7349
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×