Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Ош

Жаш талант: Оштогу тойлордун көркүн ачкан «Кичинекей Нурлан Насип» (видео)

Turmush -  Кичине кезинен эстрада ырчысы Нурлан Насипти кумир туткан 10 жаштагы Сезимбек Жороев чоң сахнага кадам таштады. Ал акыркы 1 жылдан бери эстрада ырчылары менен сахналарда жана тойлордо көпчүлүккө талантын тартуулап жатат.

«Апамдын айтымында, мен кичине кезимден эле бийге, музыкага жакын болуп өстүм. Үйдө музыкаларды угуп, ырчыларды туурап ырдап, бийлечү экенмин. 6 жашымда апам мени концерттерге алып барып жүрдү. Эстрада ырчылары кичинекей балдарды бийге чакырганда сахнага тартынбай чыгып, бийлеп берчүмүн. Менин ырга, бийге болгон талантымды көпчүлүк жогору баалаган. Азыр концерттерде жана тойлордо ырдап жүрөм.

Атайын сахнага жарашыктуу формаларды да тиктиргем. Бирок музыкалык билим алган эмесмин. Баарынан кызыгы Ош шаарында Гүлжигит Сатыбековдун 7 күндүк концертине катышканым болду. Сахнада аны менен кошо бийлеп, ырдап, формасын алмаштырган сайын мен да кийимдеримди алмаштырып чыксам, эл мени ырчы катары эле кабыл алышты.

Менин туугандарымдын арасында ырчы-бийчилер жок. Мени көпчүлүгү "Кичинекей Нурлан Насип" деп атап коюшат. Мен Нурлан Насиптей ырчы болгум келет. Тойлордо Нурлан Насип, Нурмат Садыров, Аваз Акимов, Данияр Эрматовдун ырларын ырдайм. Той ээси өзү ыраазы болуп берген акчасын гана алам. Айрым тойлордо эл өзү жактырып, кийимдериме акча кыстырышат. Бирок мен той, концерттерге акча үчүн эмес, элге өзүмдүн талантымды көрсөтүү үчүн барам.

Ырчы болуу өтө кыйын. Анткени сени эл жактырып, таразалап, ырдаган ырларыңа карап баалайт. Муну мен эми түшүнүп баштадым. Эл сенин ырыңдын маанисине карап баа беришет. Андыктан мен келечекте музыкалык окуу жайдан да билим алууну көздөйм. Эң негизгиси бул кесипти тандоомо үй-бүлөм каршы эмес. Апам ар дайым колдоп, кубаттап келет. Мени сахнага алып чыгып ырдатып жүргөн эстрада ырчыларына да чоң ыразычылык билдирем», - деди Сезимбек Жороев.

Жаш таланттын 2 эжеси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2732
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×