Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 02.02.2018 14:52

Оштогу «Кремль» кафесинде өрт чыкты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 2-февралда түшкө маал Ош шаарындагы «Кремль» кафесинин имаратында өрт чыкты. Айтылган дарекке өрт өчүрүүчүлөр саат 13:33тө жетишкенин ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган кафеде тамактануучу жайлар, караоке жана бийлөөгө ыңгайлашкан зал бар. Болжолдуу маалыматтар боюнча кафенин ашканасы өрттөндү.

Өрттү саат 14:30 чамасында өчүрүшкөн. Учурда кырсыктын себеби жана чыгымдын көлөмү такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×