Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Оштогу батирден алтын буюмдарды уурдап чыккан кыз кармалды

Turmush -  Ош шаардык кайгуул милициясынын кызматкерлери алтын буюмдарды уурдаган кызды колго түшүрүштү.

ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаардагы батирлердин биринен аялдардын 40 миң сомдук алтын жасалгалары уурдалган. Уурулук батирдин эшиги ачык калган убакта болгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Араван районунун 1992-жылы туулган тургуну кармалып, камакка алынган. Учурда анын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралууда. Анын башка кылмышка тиешеси териштирилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1137
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×