Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Оштогу көчөдөн жука кийимчен 5 жаштагы бала табылып, үй иштери менен алаксып калган апасына берилди (фото)

Turmush -  Ош шаарында адашып кеткен 5 жаштагы бала ата-энесине тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаарынын тургуну Мавлюда Бегимкулова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 31-январда Алиев көчөсүндө жука кийимчен үшүп, адашып жүргөн баланы таап алган.

«Мен дүкөнгө барсам жаш бала тоңуп туруптур. Ал үйдөн жука кийим менен чыккан экен. Ал балага суук өтпөсүн деп дүкөндө иштегендерге телефон номурумду калтырып, сүрөтүн фуйсбуктагы баракчама чыгарып койдум. Милицияга да кайрылгам. Баланы үйгө алып келип, тамактандырып, колу-бетин жууп жатканда милиция кызматкерлери келди. Андан 2 саат өткөндөн кийин баланы апасы келип алып кетти.

Ага милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Апасынын айтымында, үй иштери менен алаксып калганда бала көчөгө чыгып кеткен», - деди Мавлюда Бегимкулова.

потерявшийся 5-летний мальчик

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 907
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×