Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 31.01.2018 10:09

Жамааттык насыя көйгөйү: Ошто мугалимдерге соттор түшүндүрүү иштерин улантууда

Turmush -  Ош облусунун райондор аралык сотунун төрагасы Бакыт Сарыбаев Ош шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте №42 Керме-Тоо атындагы орто мектебинин, Макаренко, М.Горький атындагы орто мектептердин мугалимдери менен жолугушуу өткөрдү. Учурда тайпалык насыя алуу мугалимдердин арасында көп колдонулгандыктан атайын ушул багыт тандалган.

Райондор аралык соттун төрагасы насыя боюнча тараптардын укуктары, аларды аткаруу боюнча милдеттер, келишим түзүүдөгү финансылык сабаттуулук, өткөн жылдагы насыя боюнча райондор аралык сотуна келип түшкөн доо арыздардын статистикасы, аларды чечүүдө тараптардын теӊ укуктуулугу жөнүндө айтып, насыя тууралуу талаш-тартыштар боюнча сотко кайрылуу тартиптерин түшүндүрдү.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул иш-чара бүгүн, 31-январда С.Киров атындагы орто мектебинде улантылат. Ошондой эле, 3-февраль күнү жогорку окуу жайдын окутуучулары менен жолугушуу болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×