Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 25.01.2018 16:54 Жаңыланды: 26.01.2018 18:57 На русском

Улак тартышта ат тебелеп каза болгон 12 жаштагы Акжолдун сүрөтү

Turmush -  Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында 23-январда уюштурулган улак тартыш оюнунда 12 жаштагы баланы ат тебелеп кетти. Анын кесепетинен оор жаракат алган бала көп узабай көз жумган.

Turmush басылмасына булактар билдиргендей, бул окуя боюнча экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Акжол

12-летний погибший

Кийинчерээк бул оуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы расмий маалымат берди.

«23-январь күнү Жапалак айыл аймагында улак тартыш оюну жүрүп жаткан жерге кѳрѳрман катары Мээркан айылынын жашоочусу — 2006-жылы туулган Акылбек уулу Акжол барган. Аны оюнчулардын бири — 1973-жылы туулган Ж.Ч. аты менен тебелеп кеткен. Анын кесепетинен ѳспүрүм ооруканага жетпестен көз жумду. Окуя болгон жерде маркумдун атасы жана бир тууган агасы дагы болгон.

Ѳспүрүм түштѳн кийин сабакка бармак. Түшкѳ чейин оюн кѳрүү үчүн теңтуштары менен бирге ѳзүнүн кунанын минип барган. Бирок кырсык учурунда жѳѳ болгону аныкталды.

Учурда бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш каттоо китебине кокустук катары катталып, тиешелүү материалдар чогултулуп жатат. Маркумдун туугандары анын денесин соттук-медициналык экспертизага берүүдѳн жана аты менен тебелеп кеткен айылдашынын үстүнѳн арыз жазуудан баш тартты», - деп айтылат Ош ШИИБдин билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×