Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Фото - 16 жаштагы Зарина 5 жылдан бери жиптен кездемеге сүрөт тартат

Turmush -  Ош шаарында жашаган Зарина Абдиназар кызы 5 жылдан бери жиптен кездемеге сүрөт тартат. Кичинесинен кол өнөрчүлүккө кызыккан окуучу келечекте дизайнер болууну самайт.

Ал өткөн жылы жип, мыктын жардамында гүлдүн сүрөтүн тартып, чоң сынакта 1-орунду алууга жетишкен.

«Мен азыр 9-класста окуйм. Кичине кезимде сүрөт тартып, кол өнөрчүлүккө кызыкчумун. 5-класстан тартып билим берүү борборунда билимимди тереңдетип жатам. Бул жактан изонить ыкмасында кездемеге жип менен сүрөт түшүрүүнү үйрөндүм. Быйыл мыктын, жиптин жардамында гүлдүн сүрөтүн тарттым. Бул менин ийгилик алып келген сүрөттөрүмдүн бири болду десем жаңылышпайм. Быйыл "Өнөрүм — өлкөмө кошкон салымым" сынагына катышып, 1-орунду алууга жетиштим.

Алдыда көп ийгиликтерге жетишем деп ишенем. Албетте, ар бир иштин кыйынчылыгы болот. Мен алгач өздөштүрүп жатканда ийнени туура эмес кармап, колума ийне сайып алган учурлар көп болду. Азыр көнүп калдым. Мындан сырткары, бут менен тээп иштеген машина менен дагы тигүүнү үйрөнүп жатам. Келечекте дизайнер болууну каалайм», - деди Зарина.

Анын мугалими Гүлзат Максутованын айтымында, Зарина өтө зирек кыз.

«Биз окуучуларды кабыл алып жатканда Зарина өзү тарткан сүрөттөрүн көтөрүп келген. Анын сүрөткө болгон кызыгуусун көрүп кабыл алганбыз. Өтө тырышчаак, зирек кыз.

Биз кайсы сүрөт болбосун алгач интернеттен техникасын үйрөнүп чыгабыз. Быйыл мыктын жардамында сүрөт тарттык. Тактайга мыктарды кагууга атасы жардам берди», - деди Г.Максутова.

Зарина билим алып жаткан «Мээрим» билим берүү борборунда окуучулар 27 багыт боюнча билим алышат. Учурда 800дөн ашуун окуучу бар.

«Биз балдарга акысыз билим беребиз. Сүрөт, комуз, кол өнөрчүлүк, ойлоп табуучулук, кагаз менен иштөө сыяктуу 27 багытта билим берилет. Балдарды кызыгуусуна карап тандап алабыз. Жыл сайын ар түрдүү сынактардан окуучуларыбыз байгелүү орундарды алып келишет», - деди аталган борбордун директору Айниса Эгембаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1238
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×