Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Фото - Белгилүү спортчу Хабиб Нурмагомедовдун атасын Ошто ишкер Ж.Атамбаев тосуп алды

Turmush -  Бүгүн, 25-январда спорттун аралаш уруш түрүндө бир да жолу жеңилип көрбөгөн орусиялык Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов Ош шаарына келди. Аны «Ош» эл аралык аэропортунан Ош шаардык спорт комитети жана жеке ишкер Жалил Атамбаев тосуп алды, деп билдирди кабарчы.

Аэропорттон А.Нурмагомедовго чепкен жаап, калпак кийгизишти. Машыктыруучу алыс жол басып чарчаганын, эс алуудан кийин Ош шаарындагы спорт клубдардын биринде мастер-класс өткөрө турганын айтты.

Кыска маектешүүдөн кийин А.Нурмагомедов аны тосууга барган 4 жол тандабастын бирине отуруп, шаарды көздөй бет алды.

Абдулманап Нурмагомедов

А.Нурмагомедов — эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери, Россиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Дагестандын самбо боюнча курама командасынын машыктыруучусу.

Кечээ, 24-январда Бишкек шаарында UFC эрежесиз эр таймаш уюмунун россиялык мушкери Хабиб Нурмагомедов күйөрмандары менен жолугушуу өткөргөн. Аны менен жолугууга миңдеген адамдар чогулду.

23-январда Бишкекке учуп келген мушкерди Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов жана Х.Нурмагомедовдун күйөрмандары тосуп алышкан болчу.

Буга чейин 17-январда Хабиб Нурмагомедов АКШнын Бостон шаарында күйөрмандары менен жолуккан учурда кыргызстандыктардан белекке ак калпак алганы кабарланган.

«Мени менен жолугушуу үчүн Бостонго келген күйөрмандарга ыраазычылык билдиргим келет. Абдан көп адамдар келишти. Бирок Бишкекте андан да көп болорун сезип жатам», - деп жазган Нурмагомедов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Sport АКИpress басылмасына Чоро Канатбек уулу калпакты ал белекке бергендигин айткан болчу.

«Жолугушууда көп адамдар болду. Биз досубуз менен барганбыз. Мен Хабибге өзүмдүн калпагымды белекке бердим. Ал абдан ыраазы болуп, жакында Бишкекке бара тургандыгын айтты», - деген ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12135
×