Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Апасын жалгыз багып, вагондо жашаган Максат 14 жашында туулгандыгы тууралуу күбөлүк алды (фото)

Turmush -  Апасы менен көп жылдан бери Ош шаарындагы вагондо жашаган Максат 14 жашында туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып, вагонду оңдоодон өткөрүштү. Буга алар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына тараган маалыматтар жардам берген. Мындай сүйүнүчү менен Максаттын апасы Кыздаркан Садыкова бөлүштү.

«Балам 14 жашында болсо да туулгандыгы тууралуу күбөлүк алганына кубанып турам. Күбөлүгүн жанынан чыгарбай, мектепке чейин алып барууда. Балама күбөлүк алуу үчүн 14 жыл ичинде Ош шаардык ЖААК бөлүмүнө бир нече жолу барган элем. Бирок жыйынтык болгон эмес.

2 ай мурун массалык маалымат каражаттары аркылуу ар тараптан жардам сурап кайрылгам. Андан кийин кайрымдуу адамдар тарабынан өтө жакшы жардамдар болду. Ош облусунун тургуну Азаматтын жардамы менен 13-январда балама күбөлүк алдык. Документ бул жашоодо адамдын ким экенин тастыктоочу кагаз экен. Азыр баламдын кубанычында чек жок. Ага кошо вагонду жылуулап, керектелүүчү буюмдарды алып берген кайрымдуу адамдарга ыраазычылыгымды билдирем. Биз үйүбүз жок болгону менен 1 бөлмөлүү болсо да өз үйүбүздө жашагыбыз келет. Бирок ал максаттарга жетүүгө алым жетпейт. Балам 7-класста окуганы менен түндөп иштеп, мени багып келет. Менин бактыма жалгыз баламдын бардыгына кубанычтамын», - деди Кыздаркан Садыкова.

Буга чейин Кыздаркан Садыкова жана анын уулу Максаттын жашоосу менен Turmush басылмасынын кабарчылары тааныштырган эле...

Кыздаркан Садыкова 21 жылдан бери балдары менен Ош шаарындагы вагондо күн кечирип келет. Алар үчүн кыштын суугу чоң көйгөй.

«Мен Кызыл-Кыя шаарынан 25 жыл мурун Ош шаарына келин болуп келгем. Алгачкы жылдары баары жакшы болуп, күйөөм Манас экөөбүз биргелешип 5 бөлмөлүү үй куруп жашап жатканбыз. Арадан 3 жыл өтүп, эки кыздуу болдук. Бирок жолдошум арак ичип келчү эле. Кийнчерээк эркек төрөбөй жатасың деп мени ур-токмокко ала баштады. Акыры үйдөн чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Күйөөм "кыздарымды тартып алам, сенин үй-жайың, шартың жок" деп коркутуп, үйдүн документине жана ажырашууга кол койдуртуп алган.

Ал менден кийин үйлөнүп, бирок кайрадан турмушу болбой, мага жарашалы деп келди. Мен жакшы ой менен кайтып барып, бирок кайрадан ур-токмок, зомбулуктардан улам үйдөн кетүүгө аргасыз болдум. Ал убакта уул төрөп, көптөн күткөн баламдын ысымын максатыма жеттим деп Максатбек деп атагам. Учурда уулум Ош шаарындагы мектептердин биринде 7-класста окуйт.

Кыздарым менен Ош шаарындагы борбордук базарда сатуучу болуп иштеп, эки кызымды турмушка узаттым. Улуу кызымдын турмушу жакшы болбой ажырашып, Москвага иштегени кетти. Ал эми кийинки кызым 2 жыл мурун жол кырсыктан каза болду. Артындагы 3 баласын күйөөсү багып жатат. Ага удаа апам каза болуп, мени унаа сүзүп кетти. Анын кесепетинен бутум сынып, башымдан жаракат алып, оорукчан болуп калдым.

Акыркы бир жылдан бери 7-класста окуган Максатбек жүк түшүрүп, көчөдөн ар кандай жумуштарды жасап бир аз акча таап келет. Мен дагы баламдын эл катары ойноп, жакшы билим алуусун каалайм. Бирок тагдыр экен, башка түшкөнүн көрүп жатат. Беш убак намаз окуган уулум мектептеги сабактарына да жетишип, ата-энелер чогулушунда мугалимдер мактоолор менен мени кубантышат.

21 жылдан бери шарты жок вагондо жашап, сууктан тоңуп, ачка калган күндөр көп болду», - деген Кыздаркан Садыкова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3840
Көп окулду
×