Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

5 жаштагы Ибрагим 5-кабаттан кулап каза болду

Turmush -  Ош шаарынын 2013-жылы туулган тургуну Ибрагим ѳзү жашаган Кулатов кичи шаарчасындагы кѳп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап кетти. Ашкананын терезесинен кулаган бала оор жаракаттын кесепетинен ооруканада каза болгон.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, окуя 23-январь күнү саат 15:50 чамасында болгон. Ошол учурда баланын атасы жумушунда болсо, апасы бала бакчага кичүү кызын алуу үчүн кетип, Ибрагим жалгыз калган. Коңшуларынын айтымында, Ибрагимди ашкананын ачык турган терезесинен кѳрүшкөн, бирок кырсык тууралуу эч ким ойлогон эмес.

Окуяны Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматы териштирип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13177
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
nazarrr1
13:22, 24 января 2018
КЫРСЫК КАЙРАТ КЫЛГЫЛА БИРИ БИРИНДИ КУНОЛОБОЙ
Нет аватара
dani7777
11:51, 24 января 2018
Айй жалко. Куда смотрят родители
Нет аватара
scanerKG
10:52, 24 января 2018
Устанавливайте решетки все у кого есть дети (пусть даже самые дешевые).
комментарий удален администрацией сайта
Нет аватара
fine
10:00, 24 января 2018
Ыйманы саламатта болсун. Окунучтуу. Наристе бейшке кетти.
Нет аватара
aka7707
09:51, 24 января 2018
Как жалко.
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×