Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Оштогу «кул базардын» абалы: Бакыт Садыков 30 жылдан бери эмгек биржасына чейин жөө каттайт

Turmush -  Ош шаарындагы Навои жана Мамыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги эмгек биржасында күн сайын жумуш издеген ондогон адамдар чогулат. Ал жер эл арасында «кул базар» деген атка конгон.

Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Ороз Шарипаеванын айтымында, СССР тарагандан кийин жумуш менен камсыз кылуучу ишканалар кыскарып, ошондой эле ал жерде ири товардык жүк ташуучу байланыш станциясы жайгашкандыктан алыскы жана жакынкы облустардан жумуш издеп келген жарандар өз алдынча башаламан эмгек базарын түзүшкөн. Аталган жерде иштеген адамдардын санын тактоо, аларга шарт түзүү максатында 2009-жылы министрликтин колдоосу жана мэриянын жардамы менен эмгек биржасынын 4 бөлмөлүү кеңсеси ачылган.

«Аталган имарат өткөн жылы кайрадан оңдолуп пайдаланууга берилген. Анын 2 бөлмөсү бизге тийиштүү болсо, калганы Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнө тийиштүү болуп саналат. Ал жерде жалданып иштөөчүлөрдүн саны кышкысын 2 эсеге көбөйөт. Бүгүнкү күндө 200дөн ашуун жаран эмгек биржасынын топтомдук базасына түшүрүлгөн. Азыркы убакта бул жарандарга шаар аймагынан, райондордон алынган бош жумуш орундары сунушталып, жумуш орундары боюнча билдирүүлөр маалымат тактайчаларында жаңыланып турат», - деди ал.

Аталган жайда жалданып иштеген адамдардын айтымында, эл оозунда илгертен «кул базар» деп аталып калган жайды жумуш берүүчүлөр да жактырбайт. Өзүнүн атын атагысы келбеген жаран туура эмес аталып калган жердин айынан жумуш издеп келгендердин беделине шек келип жатканын билдирди.

«Бизде да бала-чака бар. Аларды багуу керек. Бул жердин аталышы баарыбызга жакпайт. Келбей коеюн десең жумуш жок. Айласыздан келип отурабыз. Кээде жумуш берүүчүлөр унаа менен келип, "негр базар ушул жерби? 5-6 "негр" түшкүлө унаага, жумуш бар" дешет. Биз эч нерсе дей албайбыз. Жумуш керек болгондуктан унчукпай кете беребиз. Үйүнө барып, иштеп жатсаң да "иштейм деп келгенден кийин иштебейсиңби" дешет. Айла жок анын сөзүн аткарууга туура келет», - деди ал.

Жалданып иштөөчүлөр көбүнчө курулуш тармагындагы иштерге, айыл чарба багытындагы жана башка майда-барат жумуштарда иштешет. Алардын арасында өзүнчө бригада түзүп алган жумушчулар да бар. Алар дээрлик курулуш багытындагы жумуштарды аткарышат.

30 жылдан бери аталган жайда жалданып иштеп жүргөн Бакыт Садыков Кара-Суу районуна караштуу Маданият айылында жашайт. Ал 54 жашта болгонуна карабастан күн сайын жөө каттайт.

«Маданият айылында жашайм. Көптөгөн жылдардан бери ушул жерге келип иштейм. Күнүмдүк оокатыма жараган акчаны таап кетем. Кээде болуп калат, кээде болбой калат. Көбүнчө 500-600 сом табам. Иштеткен адам дагы акчаны оңой менен бербейт. Кээде уруш угасың, кээде жакшы адамдарга туш келесиң. Ушул жылдар аралыгында көп адамдарды көрдүм. Көпчүлүк жумуш берүүчүлөр бизди теңине албай, орой мамиле жасашат»,- деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2139
×