Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Ош

«Шербетке уйкунун дарысын кошуп коюшкан»: Кызматынан бошотулган жетекчи Р.Ташов кайрылуу жасады (видео)

Turmush -  Интернетке жарыяланган видеотасмадан кийин кызматынан бошотулган Ноокат районунун мамлекеттик статистика бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Расулбек Ташов видео атайын тартылганын билдирди. Буга байланыштуу ал бүгүн, 11-январда АКИpress-Ошто маалымат жыйын уюштурду.

Анын айтымында, кызыктар адамдар ага уйкунун дарысын берип, андан кийин видеого тартышкан.

«Мени иш бөлмөмдө мас абалда уктап жатат деп тараган видео боюнча атайын кайрылуу жасап жатам. Себеби мага атайын чагым уюштуруп, шербетке уйкунун дарысын кошушту. Муну менин ордума кызыккан адамдар жасашты. Атайын арактын жана 2 шербеттин идишин коюп видеого тартышкан. Арак ичкиси келген адам эшикте бекинип алып ичмек. Мен шербет ичип отуруп уктап калгам. Ошол учурда биздин жаныбызга арактын идиштерин коюшуп, видеого тартышкан. Менин кабылдамамда отурган кыз катачылык кетиргенде ага сөгүш жарыялап, андан бир күн өткөндөн кийин ушул видео интернетке тарап кетти. Орун басарымдын тиешеси жок болсо да иштен алып салышты. Ага эмне себептен чара көрүшкөнүн билбейм. Кызыкдар адамдар бар», - деди ал.

Ал эми, Р.Ташовдун кошуналары анын арак ичкенине ишенбей турганын билдиришти. Айыл тургуну Рустам Матраимовдун айтымында, Р.Ташов менен көп убакыттан бери тааныш.

«Расулбекти жаш кезинен бери билем. Ал көптөн бери намаз окуп жүрөт. Иш бөлмөсүндө арак ичти деген жалган доомат деп ойлойм. Ага уйкунун дарысын беришип, кызматынан кетирүүгө кызыкдар болушкан. Мындай жакшы иштеген балдарды иштетпей жатышат», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Мамлекеттик статистика комитети жүргүзгөн кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн башчылары ээлеген кызматынан бошотулганын маалымдаган. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесинин 6-пунктунун негизинде (эмгек эрежесин одоно бузуу) кабыл алынган.

Ошондой эле, Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысынын орун басары Шайырбек Арапов Нурматович кызматтан бошотулду.
Окуя тууралуу:
Ноокат районундагы мамлекеттик имаратта жумуш учурунда мас абалда отурган мамлекеттик кызматкерлер тартылган видеого байланыштуу тактоо иштери жүргүзүлдү. Буга чейин бул окуя Ноокат РИИБде болгону социалдык тармактарга тараган эле. Кийинчерээк видеодогу адамдардын Ноокат РИИБге тиешеси жок экени маалым болду.
Чуулуу тасма тууралуу Расулбек Ташов пикирин билдирип, атайын каралоо болгонун айткан. Анын айтымында, видеотасмага өзү жана Болот аттуу таанышы тартылган.

«Бул окуя президенттик шайлоонун эртеси — 2017-жылдын 16-октябрында болушу мүмкүн. Ал күнү Болот экөөбүз иш убактан тышкары шербет ичкенбиз. Шербетке кимдир бирөөлөр уйкунун дарысын кошуп коюшуп, биз уктап калыптырбыз. Муну атайын каралоо максатында уюштурушкан. Эртеси күнү ооруканага да кайрылгам. Ноокат РИИБдин башчысы ал жерде жок болчу. Кимдир бирөөгө менин кызмат ордум керек болуп жатат окшойт», - деди Р.Ташов.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1630
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:24,   20.04.2018   ( 7 адам окуп жатат)
×