
Turmush - Ош шаарынын Кызыл-Аскер кѳчѳсүндѳгү үйлѳрдүн биринде аял кишинин киши колдуу болуп каза болгону тууралуу маалымат 9-январда саат 11:40 чамасында милиция кызматкерлерине маалымдалган. Текшерүү үчүн барган Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү тобу аялдын жансыз денесин табышкан.
Ал башында жана денесиндеги оор жаракаттан каза болгону аныкталып, өздүгү такталды. ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, маркум аял — 1977-жылы туулган М.А.
Анын тѳрт кабыргасы сынып, баш сѳѳгү жарылганы белгилүү болгон. Жүргүзүлгѳн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында акыркы айларда аны менен бирге жарандык никеде жашап жаткан Б.Н. (1977-жылы туулган) шектүү катары издѳѳгѳ алынган. Шектүү 9-январда Ош шаарынын борбордук базарынан Ош ШИИБдин кайгуул кызмат батальонунун кызматкерлери тарабынан кармалды.
Ал кѳрсѳтмѳсүндѳ жарандык никедеги аялын кызганып, 7-январда катуу сабагандан кийин өзү үйдѳн чыгып кеткенин айткан. Учурда адам ѳлтүрүү беренеси менен козголгон иш тергелип жатат. Шектүү убактылуу камакка алынды.
Шектүү