Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 10.01.2018 20:38

Оштогу эң жаш спортчу кыз бир жылда 9 медаль тагынды, анын алтоо — алтын (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Тоготой айылынын тургуну Алтынай Мамарасул кызы бир жылда 9 медаль тагынууга жетишти. Анын алтоо алтын болсо, экөө күмүш, бирөө коло медалдар. Бул тууралуу ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Эркин күрөш боюнча спорттун чебери, алыш күрөшүндө эл аралык класс боюнча спорттун чебери болгон Алтынай Мамарасул кызы учурда жаш спортчу кыздарга машыктыруучу да болуп жүрөт.

«Мен үчүн 2017-жыл жемиштүү жылдардан болду. Бир жылда 6 алтын медаль алууга жетиштим. Ар бир ийгиликтин артында опол тоодой эмгек турат. Мен спорттун алыш, бел боо күрөштөрүнө катышып жүрөм.

Былтыр Түркмөнстан мамлекетинде, Ашхабадда өткөн мелдеште, Кыргызстандын биринчилигинде, эл аралык турнирде, Европа кубогунда, Баяман Эркинбаев атындагы эл аралык турнирлерде алтын медалдарга ээ болдум», - деди спротчу кыз.

Учурда Алтынай 19 жашта жана Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия факультетинде 2-курстун студенти.

«Ош шаардык спорт комитетинде 1 жылдан бери машыктыруучу болуп иштеп жатам. Учурда окуучуларым акырындык менен мелдештерге катышып, кубантып жатышат», - деп кошумчалады Алтынай.

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча алтын, түркмөн күрөшү боюнча күмүш медалды багындыргандан кийин Мамарасул кызы Алтынайга өзгөчө сый-урмат көрсөтүлдү.

Өзү билим алган жогорку окуу жайдын жетекчилиги быйыл келишимдик акыдан толук бошотулганын белгилеп, андан сырткары университеттин атынан 25 миң сом акчалай сыйлык тапшырган.

«Сый-урмат көрсөтүлгөнүнө өтө толкунданып турам. Бул үчүн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем. Мындан ары да университетимдин, өлкөмдүн атын дүйнөлүк мелдештерде чыгарып, Кыргызстанымдын туусун бийик желбиретүүгө салым кошом. Ноябрь айында өтүүчү Дүйнөлүк мелдеште да жеңиш менен келүүгө болгон күчүмдү сарптайм», - деди Алтынай.

Мамарасул кызы Алтынай Беларусь Республикасынын Минск шаарында 2016-жылы өткөн алыш бел боо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда 70 кг чейинки салмакта алтын медалга, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон. Анын эмгегин баалаган ОшМУнун жетекчилиги 2016-17-окуу жылында да келишимдик акыдан 100% бошоткон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×