Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 09.01.2018 13:18

Оштогу дүкөндү тапанча көтөргөн жаш жигиттер карактап кетишти (фото)

Turmush -  Ош шаарында ок атуучу курал колдонуп каракчылык кылган 2 шектүү кармалганын ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 9-январга караган түнү болжол менен саат 00:20 чамасында Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде жайгашкан «Мир за мир» азык-түлүк дүкѳнүнѳ медициналык бет капчан эки адам кирген. Дүкөндө 38 жаштагы сатуучу аял жалгыз болчу.

Карактагандардын бири сатуучунун башына тапанча такап, экинчиси бычак менен коркутуп, 6 миң сомго жакын акча жана сатуучунун кол телефонун тартып алышкан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам аракеттеринин натыйжасында бул кылмышка шектүүлөр көп узабай колго түшкөн. Алар — Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган тургуну М. уулу А. жана Талас облусунун 1996-жылы туулган тургуну М.М. болуп чыкты.

Шектүүлөр кылмышты мойнуна алышты. Алардан далил буюмдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Шектүүлөр убактылуу камакка алынып, каракчылык беренеси менен козголгон кылмыш иш тергелип жатат.

Каракчылыкка шектүүлөр: 1992-жылы туулган М.А., 1996-жылы туулган тургуну М.М

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×