Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Ош, Баткен жана Жалал-Абаддагы 6 диний окуу жай жабылды

Turmush -  Республиканын түштүк аймагындагы диний окуу жайларды оптимизациялоо максатында 6 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков маалымдады.

Тактап айтканда, Сузак районундагы «Сузак» жана «Алтын урпак» кайрымдуулук мекемелери, Кызыл-Кыя шаарындагы «Азрети Али», Ноокат районундагы «Султан Саркар», Кара-Суу районундагы «Имам Аъзам», Араван районундагы «Рустам Хаджи» медреселеринин ишмердүүлүгү токтотулду. Мындан тышкары 16 медресенин жетекчилерине аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча расмий эскертүүлөр берилип, мөөнөтү белгиленди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3237
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×