Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Ошто окуучулар арасындагы бокс боюнча биринчиликтин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 6-январда бокс боюнча окуучулар арасындагы Ош облусунун биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган мелдештин калыстарынын бири Абдыганы Өмүрзак уулу билдирди.

Анын айтымында, бокс боюнча Ош облусунун биринчилиги 3 күндөн бери болуп, бүгүн жыйынтыкталды.

«Бокс боюнча мелдешке Кара-Суу районунан, Мырзаке айылынан, Араван районунан, Шарк айыл өкмөтүнөн, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнөн жалпы 68 мушкер катышты. Алар 42 килограммдан баштап, 85 килограммга чейин рингде күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр медаль жана грамоталар менен сыйланышты», - деди ал.

Ош облусунун биринчилигинде жеңүүчү болгон мушкерлер, республикалык мелдешке жолдомо алышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1898
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×