Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ош

Ош шаарында бир жылдагы өрттөн 3 адам көз жумуп, 77 млн сом зыян болду

Turmush -  Ош шаарында 2017-жылдын башынан 27-декабрга чейин 216 өрт кырсык катталган. Бул тууралуу ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Нурдин Шаматов билдирди.

Анын айтымына караганда, өрт кырсыктардан келтирилген материалдык чыгым 77 млн 100 миң 535 сомду түздү.

«2016-жылдагы өрт кырсыктарга салыштырмалуу 2017-жылдын 27-декабрына чейинки өрт 27,8%га өскөн. Материалдык чыгым 7,3 эсеге көбөйдү. 2016-жылы 172 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 10 млн 643 миң 94 сомду түзгөн эле.

Өрт кырсыгынан 2017-жылы 3 адам каза болду (2016-жылы 2 адам). Өрт турак үйлөрдө, ачык аймактарда, транспорт каражаттары токтотулган гараждарда, соода түйүндөрдө жана башка аймактарда чыккан», - деди Н.Шаматов.

Шаарда 2016-жылы өрт кырсыгынан 3 адам куткарылса, 2017-жылы өрт өчүрүүчүлөр 8 адамдын өмүрүн сактап калышты.

«2016-жылы өрт кырсыктарынан 55 млн 970 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. Ал эми 2017-жылы өрт кырсыктарынан 57 млн 330 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калды», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 381
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×