Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 03.01.2018 22:49 Жаңыланды: 04.01.2018 09:13

АКИ-ТV: Музыка менен жашаган Доороновдордун үй-бүлөсү

Turmush -  Алай районундагы таланттуу үй-бүлөлөрдүн катарын Доороновдор толуктайт. Алар үй-бүлөлүк ансамбль түзүүгө да жетишкен. 6 жашар кызынан тартып музыкалык аспапта кол ойноткон таланттуу үй-бүлөнүн өнөрү менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн көпчүлүгү атасынын атын алып жүргөн Сами Дооронов атындагы музыкалык мектепте эмгектенишет. 17 жылдан бери аталган музыкалык мектепти Сами Доороновдун тун уулу Кубанычбек Дооронов жетектеп келет. Ал гобой (жыгачтан жасалган үйлөмө музыкалык аспап), чопо чоор, фортепиано жана башка аспаптарда кол ойнотуп, түрдүү сынактарга катышып жүрөт.

«Ата кесибин улап, мен дагы музыка жаатында эмгектенип келем. Менин бир туугандарымдын баары музыканттар десем болот. Биз атайын үй-бүлөлүк ансамбль түзүп, сынактарга катышып, Ош облусунда 1-орунду багындырганбыз.

Музыка — менин жан дүйнөм, музыканын арты менен үй-бүлөмдү багып келем. Бир тууган эки иним, бир карындашым, өзүмдүн эки кызым, инилеримдин балдары дагы музыка менен алектенип жүрүшөт», - деди ал.

Кубаныч мырзанын жубайы Анаркан Токторбаева дагы музыкалык адабият сабагын окуткан мугалим. Жолдошу экөө музыканын арты менен таанышып калган.

«Жолдошум экөөбүз музыкалык окуу жайдан таанышып, баш кошконбуз. Учурда музыкалык мектепте музыкалык адабият сабагынан сабак берем», - деди А.Токторбаева.

Ал эми Жыргал Дооронов үйлөмө аспаптар жана фортепиано боюнча сабак берет. Анын айтымында, музыканын тилин түшүнүү, музыкага жан киргизүү көп эмгекти талап кылат. «1999-жылдан бери эмгектенип келем. Музыканы үйрөнүү оңойго турбайт. Бала кезимден музыка жаатында жүргөндүктөн музыкасыз жашоону элестете албайм. Менин 4 балам бар. Учурда уулум менен кызым фортепианодон сабак алып жатышат», - деди Ж.Дооронов.

Жыргал мырзанын музыкалык билим алып жаткан кызы Малика келечекте дарыгер болууна каалайт. Ал эми, Кубанычбек Доороновдун кичүү кызы Алима дагы Бишкек шаарынан консерваторияны аяктап келген.

Бул үй-бүлөнүн 6 жаштагы мүчөсү Арууке тамга тааный элек. Бирок музыкалык мектепке таенесин ээрчип барып жүрүп, фортепианону өздөштүрүп алган. Кубаныч мырза небересинен көптү үмүт кылат. Ошондой эле, Сами Доороновдун кызы Гүлбара Дооронова учурда Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык мектебинде мугалим болуп иштейт.

Алай районунда алгачкылардан болуп 1965-жылы Сами Дооронов музыкалык мектепти негиздеген. Аны өзү 20 жыл жетектеп, эмгек өргүүсүнө чыккан. 1996-жылы Алай районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын чечими менен музыкалык окуу жайга Сами Доороновдун ысымы берилген болчу. Учурда Алай районунун 8 айыл өкмөтүндө музыкалык мектептин филиалдары музыкалык билим берип жатат.

С.Дооронов 1998-жылы дүйнөдөн өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×