Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 03.01.2018 09:34

25 жаштагы таксистти мыкаачылык менен өлтүргөн аскер кызматкерлерине Ош шаардык сот өкүм чыгарды

Turmush -  Ош шаарында таксист болуп эмгектенип жүргөн Алишер Тажибаевди өлтүрүп, автоунаасын тартып алган аскер кызматкерлери сот жообуна тартылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Аскер кызматкери А.Р. 1995-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган, бойдок. Аскер бөлүктөрдүн биринде мээлегич-оператор болуп келишимдик негизде кызмат өтөп жүрүп кызмат ордун таштап кеткен. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 360-172-бененелери, 28-177-97-беренелери менен (аскерден качуу, автомобилди укукка жат түрдө ээлеп алуу жана аны сатуу, адам өлтүрүү) менен айыпталган.

Экинчи шектүү — К.Т. 1996-жылы Талас облусунун Талас районунда туулган, бойдок. Аскер бөлүктөрдүн биринде айдоочу болуп келишимдик негизде кызмат өтөгөн. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин 28-177-97-беренелери (автомобилди укукка жат түрдө ээлеп алуу жана аны сатуу, адам өлтүрүү) менен айыпталган.

2017-жылдын 5-августунда саат 22:00 чамасында А.Р. шериги К.Т. менен биргеликте Ош шаарынын Анар кичи районунан жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенип жүргөн Ош шаарынын тургуну Алишер менен Араван районуна жеткирип келүүнү макулдашкан. Жолдо бара жатканда ээн жерден токтотушуп, экөөлөп кармап, муунтуп өлтүрүшкөн. Андан ары кылмышкерлер кылмыштуу оюн улантышып, маркумдун унаасы менен Бишкек шаарына жетишип, унааны сатууга аракет жасашкан. 6-август күнү Ош шаарына кайра кайтып, катардагы жоокер К.Т. кылмыш жөнүндө командирине билдирип, аскердик бөлүктүн жетекчилиги тарабынан кылмыш иши аскердик прокуратурага өткөрүлүп берилген.

2017-жылдын 21-декабрында Ош шаардык соту шектүүлөргө карата өкүм чыгарды. Тергөөлөрдүн жыйынтыгы менен А.Р.:

- КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 360-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыратылды;

- 172-берененин 3-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланга;

- 28-177-берененин 1-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп табылып, ал боюнча эсептик көрсөткүчтүн жыйырма беш өлчөмүндө айыпка кириптер кылынган;

- 97-берене (адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланды;

- 49-берененин жана 59-берененин негизинде белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу менен А.Р. биротоло 25 жылга эркиндигинен ажыратылып, эсептик көрсөткүчтүн жыйырма беш өлчөмүндө айыпка кириптер кылынып, үй-мүлкү конфискацияланган. Белгиленген жазаны күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөө көрсөтүлгөн.

Ал эми, соттолуучу К.Т.:

- КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланды;

- 28-177-берене менен күнөөлүү деп табылып, эсептик көрсөткүчтүн жыйырма беш өлчөмүндө айыпка кириптер кылынган;

- 97-берене менен күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланды;

- 49-берене жана 59-берененин негизинде белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу менен К.Т. биротоло 22 жылга эркиндигинен ажыратылып, эсептик көрсөткүчтүн жыйырма беш өлчөмүндө айыпка кириптер кылынып, үй-мүлкү конфискацияланган. Белгиленген жазаны күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөө милдеттендирилди.

Соттолуучулар А.Р. жана К.Т. жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнө 693 миң 901 сом материалдык, 1 млн сом моралдык зыян өндүрүүгө милдеттендирилди», - деп айтылат басма сөз кызматтан маалыматында.

Окуя тууралуу:

2017-жылы 11-август күнү саат 22:30 чамасында Ноокат районунун Ак-Терек айылынын Кескен-Бел аймагынан азиат түспөлүндөгү, 20-25 жаштар чамасындагы эркек кишинин күч колдонулуп өлтүрүлгөн денеси табылган. Ыкчам тергөөчүлөр анын өздүгүн тактап, ага чейин изделип жаткан Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасынын 1992-жылы туулган жашоочусу Тажибаев Алишер Кучкарбаевич экенин аныкташкан.

Алишер унаасы менен:

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, Ош ОИИБ менен Ноокат РИИБдин тажырыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлгөн.

11-август күнү жабырлануучу А.Тажибаевге таандык болгон «Лексус ИС 200» үлгүсүндөгү унаа Бишкек шаарынын Свердлов районундагы булгаары заводдун жанындагы бак-дарактардын арасында эшиктери кулпуланып турган жерден табылган.

Шектүүлөрдүн көрсөтмөсү боюнча, А.Р. 29-июлда Балыкчыдан Ош шаарына келип, аскерде бирге кызмат өтөгөн достору менен жолугушкан. Акчасы жок калганда досу К.Т. менен 3-август күнү жолугуп, унаа уурдап сатуу тууралуу макулдашышкан. 5-август күнү саат 20:30 чамасында Р.А. менен Т.К. планын ишке ашыруу максатында Ош шаарынын Анар кичи шаарчасына келип, жолдун четинде токтоп турган «Лексус ИС 200» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунан Араван районунун Гулбаар айылына жеткирүүнү суранышкан. Араван районунун кире беришинен унааны токтоттуруп, айдоочуну арт жакта отурган Р.А. муунтуп, экөөлөп өлтүрүшкөн.

Анын унаасы менен Бишкек шаарына чейин жетишип, Р.А. бөлөсү — Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун 1991-жылы туулган тургуну А.У.дан унааны сатып берүүнү суранган. Бирок, бөлөсү макул болбогондуктан, унааны булгаары заводдун жанына токтотуп кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×