Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 02.01.2018 11:39

Ошто жаңы жыл түнү 38 наристе төрөлдү

Turmush -  Ош шаарында жаңы жыл түнү 38 ымыркай жарыкка келди. Бул тууралуу Ош шаардык төрөт стационарынын башкы дарыгери Зейнеп Исраилова билдирди.

Анын айтымында, 31-декабрдан 1-январга караган түнү шаар боюнча 36 төрөт катталган. Эки аял эгиз төрөгөн.

«1 аял операция жолу менен төрөдү. 3 бала ара төрөлдү. 32 аялдын төрөтү физиологиялык төрөт болду. 2 аял эгиз төрөдү. Анын бири биздин төрөт үйдө иштеген дарыгердин жубайы. 16 эркек бала, 22 кыз төрөлдү. Быйылкы жылыбыз берекелүү башталды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×