Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Өзгөчө тойлор: Эгиздер Байыш менен Жаныштын үйлөнүү тою бир күндө өтүп, кызыктар менен коштолду

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылында эгиздер Жаныш жана Байыш Мамановдордун үйлөнүү тою бир күндө уюштурулуп, кызыктуу окуялар менен коштолду. Кыз узатуу жана үйлөнүү тойдогу кызыктуу окуялар тууралуу аймактык кабарчыга Байыш Мамановдун жубайы Айчүрөк Мансурова айтып берди.

А.Мансурова Ноокат районунун Кайрагач айылында өскөн. Ал жолдошу менен 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого байланыштуу үгүт иштери жүрүп жатканда таанышкан.

«Адамдын жашоосу, тактап айтканда анын тагдыры өзүнүн ниетинен көз каранды болот окшойт. Мен кыз-жигит болуп сүйлөшүүнү, сүйүү романын каалаганым менен, кээде көп сүйлөшпөй эле баш кошкондорду да баалачумун. Жолдошум менен алгач ирет жолукканда эле анын адамкерчилиги мени кайдыгер калтырган эмес. Ал эгиздин түгөйү экенин билгенде ага кызыгуум дагы күчөдү. Бирок өмүрлүк жолдош тандоо кадимки тандоолордон айырмаланып, жашоодогу эң негизги үч тандоонун бири. Албетте түрдүү ойлорду ойлонот экенсиң. Бир тарабы коркосуң, бир тарабы кубанасың, анткени эртеңки жашооң кандай болору туңгуюк», - деди ал.

Акыры эки жаш турмуш куруу чечимин кабыл алып, той күнүн белгилешкен. Үйлөнүү тойго чейинки кыз узатуу аземи да өтө кызыктуу өткөнүн кошумчалады.

«Кыз узатуу учурунда досторум таң калышты. Байыш сыртка чыкканда, анын ордуна Жанышты тургузуп койсок, аны эч ким деле байкаган жок. Той күнү биздин столдо төртөөбүз — Жаныш, анын жубайы, Байыш жана мен отурдук. Тойдогу сезимдерди азыр сөз менен айтып жеткире албайм», - деди Айчүрөк.

Айчүрөк Байыштын өзүнө ишенген сапатын жогору баалайт.

«Ар бир адамдын кемчилиги болот, бирок ошол кемчилик менен кошо жактыруу — бул күчтүүлүк болсо керек. Ал эми, келиндик доордо кыйынчылыктар болгон жок. Тойдун эртеси эртең менен короону шыпырып жатсам апам (кайненем) "үйгө кирип уктай бер", деп айткан. Апам жароокер, мээримдүү, мен кыялдангандай аял экен. Ошондуктан бир топ эле жеңил болуп жатат.

Тойдон кийин көп конок тостук. Үйдүн экинчи кабатындагы бөлмөлөргө да коноктор кирип, тамактарды биринчи кабаттан ташып чарчап калып жаттык. Ал күндөрү апам "уктай бергиле, эртең жыйнайсыңар" деп бизди эс алдырган. Ал өтө түшүнүктүү адам. Билбегенибизди үйрөтүп, өзү жаңы келин болгондогу окуяларын айтып берет», - деп кошумчалады.

Айчүрөк жаңы келин болгондогу кызыктар тууралуу да айтып берди.

«Бойдок кезимде менин апам да "эрте тур, тамакты даамдуу жаса, башка үй-бүлөгө барасың" деп көп айтчу. Ал учурда бул сөздөргө көп маани берчү эмесмин, бирок башка түшкөндө эрте ойгонуп, үйдөгү иштерди жасоого автоматтык түрдө калыптанып калдым», - деди Айчүрөк жеңе.

Ал эми, анын абысыны Даткайым классташы болуп чыккан.

«Мен үй-бүлөлүк шарттар менен аз убакыт Гүлчөдөгү мектептен билим алгам. Ошол кезде классташ болгонубузду Даткайым эстеп, мени ал биринчи тааныды.

Даткайым экөөбүзгө "күйөөңөрдү адаштырып жаткан жоксуңарбы?" деген суроону көп беришет. Тойго чейин мен телефон чалганда Жаныш деле жооп берип, менин сөздөрүм бүткөндө "Байыш келсе айтып коем" деп койчу. Байыш өзү байланышканда таарынсам, кайра "менин үнүмдү тааныбайсың" деп мага таарынып калчу. Даткайым дагы менин абалыма окшогон учурлар көп болгонун айтты. Чындыгында Байыш менен Жаныштын үнү окшош. Азыр мен Байыштын үнүн айырмалап калдым.

Үйгө ата-энемдер конокко келгенде "кимиси Байыш, кимиси Жаныш экенин билбейм, экөөнү тең өөп койдум" деп күлдүргөн эле. Экөөнүн келбети чындыгында өтө окшош. Жолдошум үй-бүлөдө төртүнчү уул, эки карындашы, эки агасы бар», - деди А.Мансурова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10836
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×