Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 01.01.2018 13:40

Ош шаарынын борборун таштандыдан тазалоого активдүү жаштар көмөктөштү

Turmush -  Жаңы жылдык кечеден кийин Ош шаарынын борбордук аянтынан 40 куб таштанды чыгарылды. Шаардын аймагын тазалоо иштерин «Ош-Тазалык» ишканасынын жумушчулары бүгүн, 1-январда таң эрте саат 04:30да башташкан.

Ишканадан маалымдалгандай, борбордук аянтты тазалоого 35 жумушчу, 2 техника тартылып, жумушчулар штаттык режимде иштеп жатат. Бүгүн таштанды салынуучу челектерде топтолгон таштандынын көлөмү адаттагыдан көп экенин байкоого болот.

Борбордук аянтты таштандыдан арылтууга мекеменин жумушчуларына Ош шаарындагы активдүү жаштар көмөктөшүп, кол кабыш кылышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×