Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Ош

PR: Ар бир үйдө, жан дүйнөңүздөрдө жылуулук болсун, - Б.Кадырбердиев

Turmush -  Ош шаардык «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Беделбай Кадырбердиев жалпы кыргызстадыктарды, анын ичинде Ош шаарынын тургундарын жаңы жыл менен куттуктады.

от

Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары, сиздерди кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Байыртан бабалардын салтын улап, кылымдардын кырларынан ашып, жоо-душманга багынбаган, сыноолорго чалынбаган айкөл элибиз 3 миң жылдан бери ушул чөлкөмдү байырлап, бөтөн улутка кучак жайган мээримдүү калкыбыз, жылдар өткөн сайын улам жаңыланып, жашарып, өнүгүп-өсүп бара жаткан шаарыбыз саналуу күндөрдөн кийин жаңы жылды каршы алат. Жаңы жыл дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда ийгиликтүү жылдан болсун. Ылайым жараткан жалпы журтка жакшылык ыроолоп, жамандыкты алыстатып, тынчтык өкүм сүрсүн. Ош шаары бир нече миң жылдан бери баардык улуттурга койнун кенен жайып, бул чөлкөмдү мекен кылган эл менен шаарыбыздын бейкутчулугу кылымдар өткөн сайын бекемделип келүүдө. Ылайым мындан ары да шаарыбызда жашаган улуттардын достугу миң ирет бекемделип, эч качан ажырабасын. Шаарыбыздын экономикасы дагы да өнүгүп, Азияда эле эмес, дүйнөдөгү алдыңкы шаарларга тең тайлаш шаарлардан болушуна тилектешмин.

Саналуу күндөн кийин 2017-жыл тоок жылы менен коштошуп, 2018-жыл ит жылын каршы алабыз. Ит жылы жалпыңыздарга тынчтыктын, молчулуктун, токчулуктун жылы болсун. 2017-жылы Ош шаарыбызда бир катар алгылыктуу иштер аткарылып, шаарыбыздын экономикасында олуттуу алдыга жылуулар болду. Бул жылы «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасы да шаардыктардын камын ойлоо менен бирге кышкы даярдыктарды күчөтүп, шаардыктарга убагында жылуулукту бере алды деп ойлойм. Буга чейин да, мындан ары да ишканабыз калкыбызды жылуулук менен убагында камсыздап, болгон шарттарын түзөмөкчү. Ар бириңиздин үйүндө, жан дүйнөңүздөрдө жылуулук болсун. Дагы бир ирет жаңы жылыңыздар менен».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1667
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×