Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Ош

51 жаштагы аялдын башын кесип, таштандыга таштап кеткен эже-сиңдинин иши Ош шаардык сотуна өттү

Turmush -  Ош шаарында кайын энесин мыкаачылык менен өлтүрдү деген шек менен кармалган 25 жаштагы келинге жана анын бир тууган эжесине козголгон кылмыш иш тергелип бүтүп, сотко өттү. Азырынча Ош шаардык соту бул оор кылмышты качан карай турганы белгисиз. Бул маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Оор кылмышка шектелген бир тууган эже-сиңди 2017-жылдын 29-августунан бери камакта. Кылмыш иш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен козголгон. Ал эми, маркум аялдын башы табылбай калды.

Шектүү У.А.

А 5

Шектүү келиндин эжеси Г.К.

А 6Окуя тууралуу:

2017-жылы 27-август күнү саат 10:30 чамасында Ош мамлекеттик социалдык университетинин имаратынын түштүк тарабындагы таштанды салынуучу контейнердин ичинен «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тарабынан аял кишинин башы жок денеси табылган. Ыкчам тергөө тобу маркум Оштогу Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын 1966-жылы туулган тургуну А.Жумагүл экенин аныктаган.

Таштанды салынган контейнерден маркумдун кофтасы, жансыз дене оролгон кѳшѳгѳ, жүк жапкыч жана чаар баштык да чыккан.

29-августка караган түнү саат 01:00 чамасында бул оор кылмышка шектүүлөр – 1992-жылы туулган У.А. жана 1980-жылы туулган Г.К. Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалган.

Шектүү келиндин көрсөтмөсү боюнча, кайын энеси уулу менен жашатпай турганын айтып келген. Маркум аял окуяга чейин эки күн мурун уулу менен келини жашап жаткан үйгө мейманга барганы маалым болду.

Маркум аял, шектүү келин жана анын эжеси дагы үй-бүлөлүү. 25 жаштагы келин 1 уул, 1 кыздын энеси.

Өз келининен ажал тапкан эне Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы үйүнөн 31-август күнү акыркы сапарга узатылган. Диний кызматкерлер башы табылбай жаткан аялды жерге берүүгө уруксат беришкен болчу.

Ош ШИИБдин расмий билдирүүсүндө: «26-август күнү эртең мененки саат 07:00 чамасында келиндин күйөөсү жумушуна кеткенде келин менен кайын эненин ортосунда кайрадан ажырашуу тууралуу чыр чыккан. Болжол менен саат 09:00 чамасында ачууланган келин сырттан таш алып кирип, кайын энесинин башына бир нече жолу урган. Анын каза болгонун билгенден кийин өзүнүн бир тууган эжесине телефон чалып, окуяны билдирген. Окуя маркумдун уулунун Ош шаарынын Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан үйүндө болгон.

Денени эжесинин Анар кичи районундагы үйүнө такси менен алып барып, балконго чыгарып коюшкан. Андан соң эжеси экѳѳ кеңешип, түштөн кийин балдарын сыртка алаксытып чыгарып, денени кескилеп, баштыкка салышкан. Алгач башын кесип, андан кийин буттарын дагы кескилөөгө аракет кылып, бирок кесе албай коюшкан. Түн киргенге чейин балкондо турган денени саат 21:30-22:00 чамасында такси менен Курманжан датка көчөсүндөгү таштанды челекке таштап кетишкен. Ал эми маркумдун башын эжеси К.Маркс мектебинин жанындагы таштанды салуучу контейнерге таштаганын айтууда. Учурда маркумдун башы табыла элек», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13249
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:24,   20.04.2018   ( 6 адам окуп жатат)
×