Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ош

Ошто жаңы жылга карата коопсуздук чаралар күчөтүлөт

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ѳздүк курамы жаңы жылды тосуу учурунда коопсуздук чараларын күчѳтѳт. ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаар аймагында салтанаттуу иш-чаралар ѳткѳрүлүүчү эс алуучу жана коомдук жайларга тиешелүү кызматкерлер бѳлүштүрүлгѳн.

Жалпысынан шаарда 600дөн ашуун милиция кызматкерлери иштеп, аларга ИИМдин атайын багыттагы кызматкерлери, Мамлекеттик адистештирилген күзѳт башкармалыгынын кызматкерлери жардам беришет. Ошондой эле, жергиликтүү бийлик ѳкүлдѳрү, элдик кошуундардын мүчѳлѳрү кѳзѳмѳл жүргүзүшөт.

Майрамга карата ШИИБде резервдик топ да дярдалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 622
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×