Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ош

Фото - Жаш жигит кошунасын өлтүрүп, үйүн өрттөп кеткен, - Ош ШИИБ

Turmush -  Ош шаарынын тургуну кошунасын өлтүрүп, андан кийин үйүн өрттөп кеткен деген шек менен колго түшүрүлдү. Бул маалыматты Turmush басылмасына Ош ШИИБден бүгүн, 28-декабрда билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсү боюнча, 1992-жылы туулган шектүү алгачкы көрсөтмөлөрүндө кылмышты мойнуна алган. Ал кошунасынын үйүнө тоноо максатында барып, каршылык көрсөткөн үй ээсин өлтүргөндөн кийин аны жашыруу максатында үйгө өрт койгон.

Шектүү көрсөтмөсүндө: «Ошол күнү кечинде 2 литр сыра сатып алып, үйүмө алып баргам. Аны ичип отуруп, коңшум Өктөм акени (маркум) тоноо оюма келди. Түн ичинде короого тосмосунан ашып түшүп, үйүнө кирип бардым. Эшиги бекитилбеген экен. Үй ээси мени кѳргөндө каршылык көрсөтүп, кармаша баштады. Колума үйдөгү бурагыч (отвёртка) тийип, аны менен кѳкүрѳк жакка бир уруп жибердим. Аялы кыйкыра бергендиктен аны дагы үнү чыкпай калганча урдум. Өзүм коркуп кетип, качып чыктым», - деп айткан.

Окуя тууралуу:

Ош шаарында 2017-жылы 26-декабрга караган түнү өрттөнгөн үйдүн ээси киши колдуу болуп көз жумган.
Маалым болгондой, саат 02:40 чамасында шаардык милициянын нѳѳмѳт бѳлүмүнѳ Ош кѳчѳсүндөгү №100 үй ѳрттѳнүп жаткандыгы тууралуу кабар берилген. Кырсык болгон жерди кароо учурунда ал жерден үй ээси — 1956-жылы туулган Октам Абдикадыровдун күйүп калган денеси табылган.Анын жубайы — 1961-жылы туулган аял тез жардам кызматы аркылуу Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бѳлүмүнѳ жеткирилген. Ал эми, маркумдун денесин кароо учурунда бетинде соккудан улам калган тактар, сол кѳкүрѳк тушунда миздүү буюмдун изи бар экени аныкталган.
Маркумдун жубайынын алгачкы кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда, түнү болжол менен саат 01:20 чамасында белгисиз бир нече адам үйгѳ кирип, жарыкты ѳчүрүп, күйѳѳсүнѳн акча талап кылышкан. Аялы аны бир нече жолу урганда эси оогон адам болуп сулк жатып калганын, кол салгандар күйѳѳсүн ур-токмокко алып, аягында үйгѳ от коюп кетишкенин айткан.

Учурда ѳзгѳчѳ оор кылмыштын бетин ачуу боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен түзүлгѳн топ иштеп жатат. Тиешелүү эспертизалар дайындалган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам ѳлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон болчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4852
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×