Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Ош

Ош шаарынын 2 тургуну онкологиялык ооруканадагы балдарга белек таратышты

Turmush -  Ош шаарынын тургундары Мирбек Абдурахманов менен Улан Мамасадыков онкологиялык дарттан жабыркаган балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырып кетишти. Ош облустар аралык балдар ооруканасынан кабарлашкандай, алардын ар бири 30 балага белек даярдаган.

«Оштун 2 жашоочусу биздин ооруканадагы балдардын көңүлүн жаңы жылга карата көтөргөнү бизди да кубантты. Балдардын жүзүндө жылмаюу пайда болду. Ошондой эле, балдар үчүн ооруканада жаңы жылдык кече өткөрдүк», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1341
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×