Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Ошто иске ууланып, ооруканага түшкөн 5 адам үйлөрүнө чыгарылды

Turmush -  Бүгүн, 27-декабрда Ош шаарында көмүрдүн исине ууланып ооруканага жаткырылган 5 адам үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабыр тарткандар оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер белгилегендей, алардын абалы канааттандырарлык болгондуктан амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Ууланган адамдар туугандар экени белгилүү болду.

Жабыр тарткандардын тизмеси:

- 1973-жылы туулган А.З., Туран шаарчанын тургуну;

- 1982-жылы туулган К.К., Туран шаарчанын тургуну;

- 1988-жылы туулган, О.А., Туран шаарчанын тургуну;

- 2001-жылы туулган А.З., Туран шаарчанын тургуну;

- 2000-жылы туулган А.Г., Туран шаарчанын тургуну.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1407
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×