Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Ошто ишкерлерди колдоо борбору ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-декабрда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө ишкерлерди колдоо борбору ачылды. Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, райондордогу ишкерлер кеңешинин төрагалары жана жеке ишкерлер катышты, деп билдирди кабарчы.

Ишкерлерди колдоо борборун түзүү демилгеси өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты жана ишкерлер тарабынан көтөрүлүп, бейөкмөт уюмдар менен биргеликте ишке ашты. Борбор ишкерлер үчүн семинар-тренингдерди өткөрүүгө керектүү жабдыктар менен (компьютер, проектор, видео көргөзүүгө ыңгайлашкан техникалар) камсыз болду.

Борбордун максаты — жеке ишкерлерге маалымат, кеңеш берүү, колдоо, ошондой эле бизнес демилгелерди жаратуу, ишкерлерди даярдоо, бизнес пландарды түзүү, бизнес боюнча юридикалык жактан камсыздоо, жайылтуу аркылуу ишкердикти уюштурууга жана өркүндөтүүгө көмөктөшүү.

Ош ЖИАнын аткаруучу директору Жасур Парпиевдин айтымында, борбор тарабынан ишкерлерге иш баштоо алдында анализ жүргүзүү жардамы да көрсөтүлөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1766
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×